Royal
SerepTV Logo

13-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-августта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ош облусунун тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндуз +33…+38; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндуз +33…+38; Ысык-Көл облусунда тункүсүн +10…+15, күндүз +24…+29; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +19…+21°, күндүз +35…+37° жылуу болот.