Abank
SerepTV Logo

12-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.