Royal
SerepTV Logo

12-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
12-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27. Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.