SerepTV Logo

11-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
11-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус болот.