Royal
SerepTV Logo

11-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
11-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28, Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус ысык болот.