Royal
SerepTV Logo

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
10-июлда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Баткенде түнкүсүн +18…+23, күндүз +28…+33, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык болот.