Royal
SerepTV Logo

10-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 10-августта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +31…+36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28. Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +31…+33 градус болот.