Abank
SerepTV Logo

10-15-март күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

10-15-март күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн
10-15-март күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү ӨКМден таратышты. Алар төмөндөгүлөр: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу); Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдары; Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары; Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдары; Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдары (Ийри-Суу тилкеси); Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 60-94-чакырымдары (Кара-Гөө ашуусу); Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдары.
Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.