1 тонна сүмөлөктөн тышкары Баткенде Нооруз кандай майрамдалат? Программа
Эртең, 21-мартта Баткен шаарындагы борбордук стадиондо “Нооруз-2022” майрамы республикалык деңгээлде өтөт.
Салтанаттын жүрүшүндө:
- кол өнөрчүлүк, тамак аш, айыл чарба жарманкелери;
- улуттук классикалык күрөш мелдеши;
- "Баткен килемдери” аллеясы;
- 1 тонна сүмөлөк бышырылат;
- Баткен облусунун 3 район, 3 шаарлары тарабынан боз үйлөр тигилет;
- “Нооруз” театралдаштырылган прологу көрсөтүлөт;
- Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Нооруз майрамына арналган концерттик программа болот.
Концерттик программа кечинде да уланып, облус тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.
Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталат. Стадионго кирүү көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлөт. Ал үчүн саат 09:00гө чейин кечикпей текшерүүдөн өтүү керек болот.