Royal
SerepTV Logo

1-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 1-августта Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32. Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39 градус болот.