Өзбекстанда информатика сабагы 1-класстан тарта окутулат
Өзбекстандын мектептери информатика сабагын 1-класстан тарта окута баштайт. Бул тууралуу "Фергана" жазды.
Мектептер баскыч-баскыч менен дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде жаңы окуу программаларын киргизет. Орто мектепте предметтердин саны 16дан 11ге чейин кыскартылат, ал эми жогорку класстын окуучуларына милдеттүү сабактардан тышкары төмөндөгү комбинациялардан адистикти тандоо сунушталат: химия - биология, математика - физика, тарых - укук, эне тили жана адабияты — чет тил.