Арыктоонун жыйынтыгын сактап калуу үчүн күнүнө 8500 кадам басуу жетиштүүбү?
Арыктоонун жыйынтыгын сактап калуу үчүн күнүнө 8500 кадам басуу жетиштүү болушу мүмкүн, — деп билдиришти Италия жана Ливан өлкөлөрүнүн изилдөөчүлөр тобу.
Арыктоого аракет кылган ар бир адам жакшы билет: ашыкча салмактан арылуу — бул иштин жарымы гана. Бир аз аракет кылбай койсоң, кеткен килограммдар кайра эле тез кайтып келет. Мындан тышкары, азыркы жашоодо эң жеткиликтүү спорт түрү — бул жөө басуу экенин баары түшүнөт. Бирок ушул убакка чейин «кайра семирбеш үчүн канча басуу керек?» деген суроого так жооп берген изилдөөлөр жок болчу.
Бул маселени профессор Эль Гоч эл аралык адистер тобу менен бирге чечүүнү максат кылып, дүйнө жүзүндөгү арыктап жаткан 3758 адам тууралуу маалыматтарды камтыган 18 изилдөөнү талдап чыгышкан. Бардык катышуучулар туура тамактануу режимин сактап, физикалык активдүүлүк менен алектенишкен. Жыйынтыгында белгилүү болгондой, арыктоонун «активдүү» фазасы бүткөндөн кийин күнүнө орточо 8500 кадам баскан адамдар жыйынтыгын жакшыраак сакташкан. Так айтканда, 4 килограмм арыктаган соң жөө басууну уланткандарда кайра болгону 1 килограмм гана кошулган.
Профессор Эль Гочтун айтымында, арыктоо процессинде адамдарды күнүнө болжол менен 8500 кадамга чейин көбүрөөк басууга үндөп, ошол деңгээлдеги физикалык активдүүлүктү салмакты сактоо этабында да улантуу керек. Күнүнө 8500 кадам басуу — салмакты кайра кошуп алуудан сактай турган жөнөкөй жана жеткиликтүү стратегия болуп эсептелет.