Abank_june
SerepTV Logo

Бишкекте Миңжылкиев көчөсүнүн курулуш иштери башталды

Бишкекте Миңжылкиев көчөсүнүн курулуш иштери башталды
Бишкек шаарында Башкы планды ишке ашыруунун алкагында Миңжылкиев көчөсүнүн курулуш иштери башталды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун мааниси, анын негизги параметрлери, ошондой эле шаар тургундарынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча каралган чаралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. 

Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчө азыркы жол тилкесинин багыты боюнча 8 метр кеңдикте курулат. Ошондой эле жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар салынып, жашылдандыруу милдеттүү түрдө толугу менен сакталат. Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспекти Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Бул Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтууга, ошондой эле аймактагы транспорттук каттамды жакшыртууга шарт түзөт.

Жолдун бир бөлүгү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жээги менен өтөт. Университеттин студенттеринин жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан эки жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат. Мындан сырткары, иштин алкагында инженердик коммуникациялар которулуп, жаңыланат, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат, жол белгилери чийилип, зарыл болгон жол көрсөткүчтөрү коюлат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эркин жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тийиштүү шарттар түзүлөт.

Долбоордун ишке ашырылышы учурдагы магистралдардагы жүктөмдү жеңилдетүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары үчүн шаар ичинде жүрүүнү кыйла ыңгайлуу жана жагымдуу кылууга мүмкүндүк берет.