SerepTV Logo

Жеки Чан "Каратэ-пацан" тасмасынын кийинки бөлүгүнө тартылышы мүмкүн

Жеки Чан "Каратэ-пацан" тасмасынын кийинки бөлүгүнө тартылышы мүмкүн

Актёр Жеки Чан "Каратэ-пацан" фильминин жаңы бөлүгүнө кайтып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Чан 2010-жылы тартылган тасмада Хан мырзанын ролун ойногон. Сюжет боюнча 12 жаштагы Дрэй Паркер Кытайга келип, ал жерден тез эле душмандарды табат. Ал эми Хан баланы колдоп, ага кунг-фу өнөрүн үйрөтөт.

Жейден Смит (Дрэй Паркер) жаңы тасмага тартылабы же жокпу белгисиз. "Каратэ-пацан" дүйнө жүзү боюнча болгону 40 миллион долларлык бюджет менен 359 миллион доллар киреше тапкан.

edita