SerepTV Logo

79 жаштагы Роберт де Ниро жетинчи жолу ата болгонун жарыялады

79 жаштагы Роберт де Ниро жетинчи жолу ата болгонун жарыялады

Актёр Роберт Де Ниро жетинчи жолу ата болгонун ET Canada телеканалына билдирди. Журналист анын алты баласы бар экенин айтканда, актёр "жети, мен жаңы эле балалуу болдум" деди. 

Анын жетинчи баласы жана жубайы тууралуу башка маалыматтар жок. Роберт Де Ниро 2018-жылы 20 жыл бирге жашаган жубайы менен ажырашканы маалым. 

Роберт Де Ниро эки жолу үйлөнгөн. Анын биринчи жубайынан 51 жаштагы Дрена аттуу кызы жана 46 жаштагы Рафаэль деген уулу бар. Грейс Хайтауэр менен болгон экинчи никесинде актёрдун 25 жаштагы Эллиот жана 11 жаштагы Хелен аттуу кыздары бар. Ал ошондой эле мурдагы дос кызынын эгиз уулдарынын атасы - Жулиан жана Аарон Кендрик, азыр алар 27 жашта.

edita