Элмурза Сатыбалдиев Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине талапкерлигин көрсөтпөөнү чечти
"Мен Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кызматына талапкерлигимди көрсөтпөө чечимин кабыл алдым". Бул тууралуу экс-депутат Элмурза Сатыбалдиев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Мага көрсөткөн колдооңуздар, ишенимиңиздер жана жылуу сөздөрүңүздөр үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Бул мен үчүн чоң сыймык! Биз мындан ары да Кыргызстандагы волейболду жана спортту өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып барабыз. Өлкөбүздүн спортунун жана олимпиадалык кыймылынын өнүгүшү үчүн эмгектене турган ар бир адамга ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат билдирүүдө.