Врач-инфекционист: "Суу чечек оорусу кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу"
Кош бойлуу аялдар суу чечек оорусунан абайлашы керек. Анткени түйүлдүк өөрчүп баштаганда вирус терс таасирин бериши мүмкүн. Бул тууралуу «TV-Шыпаакана» берүүсүндө врач-инфекционист Бурмайым Кайкыева билдирди.
"Эгер кош бойлуу аял суу чечекти жуктуруп алса, анын кооптуу жагдайлары бар. Өзгөчө ал алгачкы 3 айга туура келсе. Анткени ал учурда түйүлдүк эми гана калыптанып, органдары өөрчүп баштаган болот. Андан кийинки айларда анчалык коркунуч жок", - дейт врач-инфекционист.
https://youtu.be/BxUrvuVoMmg