SerepTV Logo

Тамеки таштагандан кийин канда, тамырларда, мээде кандай өзгөрүү болот?

Тамеки таштагандан кийин канда, тамырларда, мээде кандай өзгөрүү болот?
Тамекини таштоонун пайдасы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти. ? Тамекини таштагандан кийин 20 мүнөттөн кийин жүрөктүн согушу басаңдайт. ? 12 сааттын ичинде кандагы моноксид углеродунун деңгээли нормага чейин төмөндөйт. 2-12 жуманын ичинде кан айлануу жакшырып, өпкөнүн иштеши нормалдашат. ? 1-9 айдын ичинде жөтөл жана энтигүү азаят. ? 5-15 жылдын ичинде тобокелдик деңгээли тамеки тартпаган адамдыкындай болот. ? 10 жылдын ичинде өпкө рагынан каза болуу коркунучу тамеки тарткандарга салыштырмалуу эки эсеге азаят. ? 15 жылдын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп калуу коркунучу тамеки тартпаган адамдын тобокелдик деңгээлине чейин жетет.