Сууктан, үшүк алуудан кантип сактанса болот? ӨКМ кеңеш берди
16-февралдан 18-февралга чейин Кыргызстанда катуу суук болушу күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, жолдордо муз тоңот. Бийик тоолуу райондордо жана Суусамырда абанын температурасы -33 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан сактануу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл экендигин эскертет.
СУУКТАН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
- Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Суукка чыгардан мурун жакшылап тоюп алуу керек. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат.
- Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуу сунушталат.
- Абанын температурасы -15 градустан төмөндөгөн учурда үшүк алдыруудан сактануу үчүн денеңизге кам көрүңүз. Дарыканалардан, дүкөндөрдөн бальзам, мазь, крем жана башка коргоочу косметикаларды сатып алсаңыз болот. Ошондой эле жылуу кийинуу, нымга туруктуу кийимдерди колдонуу сыяктуу коргонуунун элементардык эрежелерин сактоону унутпаңыз.