SerepTV Logo

"Суу шалаакылыкты кечирбейт". Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салабыз

"Суу шалаакылыкты кечирбейт". Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салабыз
ӨКМ Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери менен бөлүштү. ❌Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу объектилеринде сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар. ❌Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт. ❌"Сууга түшүүгө болбойт сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат" деген жазуулары бар суу объектилеринде сууга түшүүгө болбойт. ❌Бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла. ❌Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт. ❌Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга жана башка ушул сыяктуу сузүүчү каражаттарга сүзүп барганга тыюу салынат. ?Эске тутуңуз! Суу шалаакылыкты кечирбейт!