Мээ кайнаткан ысыктан кантип сактануу керек? Министрликтен сунуш
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча, 12-14-июль күндөрү аномалдуу ысык аба ырайы күтүлүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы аномалдуу ысыкта ден соолукка кам көрүү боюнча сунуштарды берди.
Абанын температурасынын ашыкча жогорулашы адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Мындай аномалдуу ысык аба ырайында ысык же күн өтүп кетишинен сактануу үчүн мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз.
Ысык же күн өтүп кетишинин белгилери:
- Баш айлануу, баш оору, жүрөктүн тез кагышы, жүрөк айлануу, муздак тер, бет терисинин кызарышы, алы кетүү.
- Оор учурларда катуу ысыктын же күндүн таасири астында адам эсин жоготуп, дене табы 41°С градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.