Инсульттун алгачкы белгилери кайсылар жана кантип биринчи жардам көрсөтүү керек?
Инсульт (апоплексия, мээге доо кетүү) — мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу; анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт. Инсульт мээге кан куюлуп кетүүдөн же мээдеги кан тамырлардын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. Инсульт мээге кан куюлтуучу геморрагиялык жана мээни кан менен камсыз кылуучу күрөө тамырдын тромб менен бүтөлүп калышынан пайда болгон ишемиялык болуп бөлүнөт.
Инсульттун кесепеттерине төмөнкүлөр кирет:
- • шал оорусу (толук кыймылсыз абал);
- • жабыркаган жерге карама-каршы тараптагы буту-колдун парези (кыймылдын жарым-жартылай бузулушу);
- • сүйлөɵнүн жана жазуунун олуттуу бузулушу;
- • эс тутумдун жабыркашы;
- • сезгичтиктин бузулушу;
- • бир капталдын бут, кол, бет булчуңдары капысынан нес болуп же алсыз боло баштайт;
- • күтүүсүздөн артикуляциянын начарлашы же сөздү, текстти кабыл алуудагы кыйынчылыктар;
- • бир же эки көздүн кескин начарлашы;
- • кыймылдарды башкаруунун капыстан бузулушу, ары-бери чайпалып басуу, баш айлануу;
- • күтүлбөгөн жерден кескин жана түшүнүксүз баш оору. Адатта бул көрүнүштөр жогорулаган кан басымдын натыйжасында пайда болот.
- Дарыгерлер келгенге чейин оорулууну жаткырып, толук тынчтык жана таза аба менен камсыз кылуу керек.
- Клиникага түшкөндө дарыгерлер жүрөк жана дем алуусунун иштешин баалап, зарыл болгон кечиктирилгис жардамды көрсөтүшөт. Зарыл болгон учурда, адам дароо нейрореанимациялык бөлүмгө жаткырылат.