Дерматолог: "Безеткинин башаты - генетика, ал тукум кууйт"
"TV Шыпаакана" берүүсүндө конок болгон венеролог-дерматолог Кундузбек Тургунбеков суроолорго жооп берип жатып, безеткинин келип чыгышына токтолду.
- Безеткинин башаты генетикада. Ал тукум кууйт. Эгер атасына безетки чыккан болсо, баласына же небересине чыгышы мүмкүн. Өспүрүм курактагы балдар-кыздардын бетине безетки чыгуусу бул гормондордун өзгөрүүсүнө байланыштуу. Эгер ата-тегинде безетки чыккан адам болсо, өспүрүм курактагы гормондорго байланыштуу безетки анда да козголушу ыктымал", - дейт врач.
https://www.youtube.com/watch?v=rze1FjZOQMo