Дарыгер: "Ашыкча салмактан арылбаса, кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып, кан басымы жогору болот"
Ашыкча салмактан арылбаса, кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып, кан басымы жогору болот. Бул тууралуу эндокринолог Дилбар Саттарова билдирди.
Анын айтымында, семиздүүлүктүн 3 деңгээли бар. "Эгер киши өзүндө ашыкча салмак бар же жогун билгиси келсе, өзүнүн боюнун узундугун, учурдагы салмагын билиши керек. Ал формула интернетте кеңири тараган, ошол формулага салып билсе болот", - деди ал.
Дарыгер эгер адамда ашыкча салмак болсо, анын кыймыл-аракеттери жайлап, уйкусурап каларын айтат. "Муундарга да оорчулук жаралат. Эгер ал адамда тукум куугучтук болуп калса, кант диабети пайда болушу мүмкүн. Жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушуна алып келет. Кан басымы жогору болушу мүмкүн", - деди ал.
https://youtu.be/2kD7TGhF55Y