SerepTV Logo

Батир уурулугун кантип алдын алса болот? Милициядан кеңеш

Батир уурулугун кантип алдын алса болот? Милициядан кеңеш
Батир уурулугу негизинен үйдү кароосуз калтырган учурда катталат. Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу. Ички иштер министрлиги батир уурулугун алдын алуу үчүн жарандарга бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштайт. - үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз; - видеокөзөмөл орнотуңуз; - муляж орнотуу мүмкүн кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт; - эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу - түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз; - балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз; - сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз, документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз; - кире бериштин жана батирдин кире бериш эшиктери бекем жабылышы керек; - бышык эшиктерди орнотуңуз. Эшик сыртка ачылып, темир менен жабдылышы керек, кулпулар, жок эле дегенде, эки жана ар кандай түрлүү болушу керек; - кире бериште толук жарык болушу керек; - жакшы мамиледе болгон кошуналардан батирдин эшигинин бүтүндүгүнө көңүл бурууну, керек болсо чала турган байланыш телефондорун калтырууну сурануу керек; - мүмкүн болсо, узак убакытка кеткенде батириңиздеги эң баалуу буюмдарды үйдө сактабаңыз; - Батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр тогуна же башка шарттуу жерлерге, айрыкча эшиктин жанына калтырбаңыз. Эгерде уурулар сиздин үйдөн мүлктөрүңүздү, баалуу буюмдарыңызды же акча каражаттарыңызды уурдап кеткен болсо: - дароо милицияга 102 номерине чалыңыз; - үйүңүздү текшерип, эмне жоголгонун аныктап, уурдалган буюмдардын тизмесин түзүңүз; - эгер сиз үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын коопсуздугун ойлоп жана өзүңүздүн өмүрүңүздү сактап калуу амалы менен уурулар менен урушпаңыз; - кол салган адамга көңүл буруп, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул аны кармоо иштерин тездетүүгө жана бардык буюмдарыңызды кайтарып алууга жардам берет. Мүлкүңүздүн сакталышынын негизги кепилдиктеринин бири - бул сак жана этият болгонуңуз. Бардык бул чаралар жардам берет. Бирок уурулуктун алдын алуу үчүн негизги ыкмасы Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматына же жеке кызматтардын кайтаруу кызматтарынын кызматтарын колдонуу керек.