Балаңыз телмирип телефонду канча көрүп отурат? Дарыгерлерден кеңеш
Компьютерлер, планшеттер, смартфондор баланы көпкө чейин алек кыла алат. Бирок камкор энелер жана аталар гаджеттерди ашыкча колдонуу баланын ден соолугуна зыян экенин эстен чыгарбашы керек. Бул тууралуу Ден солукту чындоо борборунан билдиришти.
Балдардын ден соолугуна гаджеттердин терс таасири:
- көрүүнүн начарлашы
- кечигип сүйлөө
- кыжырдануу, тынчсыздануу оорулары, невроз жана депрессиялык абалдар
- социалдаштыруу жана эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү көйгөйлөрү
- бир нерсени үйрөнүү кыйынчылыгы, көңүл буруунун жана эс тутумдун начарлашы
- остеохондроз, сколиоз, моюндун аймагында кан айлануунун бузулушу жана баш оору
- уйку көйгөйлөрү.
- 2 жашка чейинки балдар – гаджеттерден толугу менен алыс болушу керек;
- 2 жаштан 5 жашка чейин – күнүнө бир сааттан ашык эмес;
- 6 жаштан 18 жашка чейин – күнүнө 2 саатка чейин.