Abank
SerepTV Logo

Зардалыда футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Зардалыда футбол аянтчасы пайдаланууга берилди
 
Мындан эки ай мурда президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен облусунда 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Алардын алгачкысы бүгүн 15-майда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылында ачылды.

Иш чарага Баткен районунун акими Данир Иманалиев баштаган жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары катышып, бул иш аракет, жаштардын жана жалпы эле айыл элинин сергек жашоо образын калыптандыруу менен спортко болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөөрү белгиленди. Футбол аянтчалары жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.

Аянтчалар Зардалыдан сырткары төмөнкү аймактарда курулууда:
• Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында;
• Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында;
• Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарында;
• Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында.

Мындан ары да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу пландалган.