Abank
SerepTV Logo

Үч округ боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Калпаев, Эргешов, Кубанычбеков алдыга чыкты

Үч округ боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Калпаев, Эргешов, Кубанычбеков алдыга чыкты
Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Саат 20:00дө бардык шайлоо тилкелери жабылды. БШК автоматтык урнадан түшкөн алдын ала маалыматты жарыялады. Автоматтык эсептөө урналардын жалпы саны — 198. Учурда бардык автоматтык эсептөө урналарынан жыйынтыктар келип түштү. Бул алдын ала жыйынтык болуп эсептелинет. БШК добуштарды кол санактан өткөрөт.  Алдын ала жыйынтык боюнча: Баткен шайлоо округунан 41.51 пайыз (11 814 добуш) пайыз менен Бактыяр Калпаев алдыга чыкты.  Ош шайлоо округунан 43.05 пайыз (9 936 добуш) менен Бекмурза Эргешов алдыга чыкты. Кара-Суу шайлоо округунан 36.16% пайыз (7 601 добуш) менен Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты.