"Урал аба жолдору" Орусиядан Кыргызстанга "Жүк-200дү" бекер ташыйт
"Урал аба жолдору" авиакомпаниясы Орусиядан Кыргызстанга "Жүк-200дү" бекер ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-майда Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен Орус авиакомпаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөр жүргөн.
Ага ылайык «Жүк-200дү" "Челябинск-Ош”; “Уфа-Ош”; “Минеральные воды-Ош”; “Нижневартовск-Ош”; “Казань-Ош”; “Самара-Ош”; “Сочи-Ош”; “Самара-Бишкек”; “Сочи-Бишкек” каттамдары бекер ташыйт.
"Ошол эле учурда, «Жүк 200дү" ташуу аларды жөнөтүүчү кызмат көрсөтүүчүгө өз алдынча төлөө зарыл болгон перрондук жана аэропорттук жыйымдарды камтыбайт",- дешти.