Украинадагы согушта каза болгон жигиттин сөөгү Жалал-Абадда жерге берилди (сүрөттөр)
Бүгүн, 30-майда Украинадагы согушта каза болгон Сыргакбек Өзүбековдун сөөгү Жалал-Абадда жерге берилди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Орусиядан маркумду жеткирип келген аскер кызматкерлери, ата-энеси, туугандары жана тургундар катышты.
Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирин аяктаган соң Орусияга иштөөгө барып, жарандык алган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="113724,113725,113726,113727,113728,113729"]