Abank
SerepTV Logo

Украинадагы согушта дагы бир Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигитинин көз жумганы айтылууда

Украинадагы согушта дагы бир Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигитинин көз жумганы айтылууда
Орус маалымат каражаттары Сахалин облусунун губернаторуна шилтеме берүү менен 18-майда Украинада дагы бир жигит каза болгонун жазып чыгышты. Маалыматта каза болгон жигиттин Сыргакбек Өзүбеков экени айтылат. Ошондой эле каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө керектүү жардам берилери жазылган. Ал арада Фейсбуктун Мээрим Дөөлөтбекова деген колдонуучусу 18-майда Украинада анын аяш уулу көз жумганын жазып чыкты. "Украинада болуп жаткан согуш 19 жашка араң толгон аяш уулубузду алып тынды. Маркумдун сөөгү кичи мекенине жеткириле элек. 18-майдан бери кагаз иштери бүтпөй, жок шылтоолорду айтып, жанды кашайтып бүтүштү. Ата-энеси кан жутуп, күтүп жатышат", - деп жазды ал. Редакция Мээрим Дөөлөтбекова менен байланышканыбызда жигиттин Жалал-Абад облусунан экенин билдик. "Апасы Токтогулдан, атасы Аксыдан, сөөгү келсе Жалал-Абадга коюлат. Орусиянын жарандыгын жакында алышса керек эле. Үй-бүлөсү менен Сахалинде турушчу. Сөөгү келсе, чоң ата, чоң энесинин жанына коюлат", - деди ал. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен маалыматты тактап беребиз дешти.