Royal
SerepTV Logo

Украинада каза тапкан Руслан Полотовдун сөөгү Таласта жерге берилгени айтылды

Украинада каза тапкан Руслан Полотовдун сөөгү Таласта жерге берилгени айтылды
Талас облусунун 38 жаштагы тургуну Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, ал өткөн жылы Орусияга кетип, Луганск облусунун Северодонецк районунун Рубежное айылында каза тапкан. Анын сөөгү мекенине алып келинип, 3-июнда жерге берилген. Руслан Полотов 1984-жылы 3-февралда Манас районунун Үч-Коргон айылында туулган.