УКМК: "Түн тынч өттү. Кыргыз-Тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу"
Бүгүн, 15-июнь саат 10:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар, чыр-чатактар катталган жок. 14-июнда саат 19:30дан 20:35ке чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын башка тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо максатында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Кечээ, 14-июнда Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын жагдайларын эске алуу менен, ошондой эле мамлекеттик чек аранын башка аймактарында кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында, тараптардын чек ара заставаларынын башчыларына кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди. Саат 20:40тан 21:20га чейин Кыргыз Республикасынын “Кызыл-Бел-авто жол” жана Тажик Республикасынын “Гулистон-авто жол” өткөрүү пункттарынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Баткен жана Тажик Республикасынын Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу тараптардын укук коргоо органдарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
- тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн (отряддардын башчыларынын) жана жооптуу аймактардагы заставалардын башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларына Булак-Башы жерлигинде жайгашкан чек ара посттордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө тапшырмасы коюлду. Бул жолугушууда мамлекеттик чек арага жакын жердеги айыл чарба иштери боюнча да маселе каралды.
Бардык жагдайларды эске алуу менен тараптар мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жол бербөө чечимин кабыл алышты. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал көзөмөлдө.