Тамчыдагы аэропорттун шыбынан суу аккан видео. Түшүндүрмө беришти
Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жайгашкан аэропорттун шыбынан жамгырдын суусу агып жаткан видео менен бөлүшүп жатышат. Бул боюнча "Манас" аэропорту түшүндүрмө берди.
"Кечээ Тамчы айылында мөндүр аралашкан жамгыр жааган. Мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада «Ысык-Көл» аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен. Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок", - дешти.