Таласта да кассалык аппаратка байланыштуу талаптарын айткан тургундар чыкты
Бүгүн, 13-июнь күнү Таласта да кассалык аппаратынын коюлушуна каршы адамдар жыйынга чыгышты. "Таласта азырынча митинг жок. Болгону Талас облустук Мамлекеттик администрациясынын жанындагы музыкалык мектепте ККМга байланыштуу эл менен тийиштүү мекеменин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүүдө. Жыйында эл ККМ боюнча талаптарын айтышууда. Салык кызматынын кызматкерлери элдин талаптарын угуп, суроолоруна жооп берип жатат. Жалпы 100 чакты адам бар", - дейт администрациянын өкүлү.