Тажикстандагы абакта жаткан 4 Кыргыз жараны телефон аркылуу жакындары менен сүйлөшүштү
6-7-майда Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп жаткан 4 Кыргыз жараны менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери Кыргыз жарандарын кармоонун шарттары менен таанышышкан. Кыргызстандын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.
Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында элчилик тарабынан Тажикстандын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта Кыргызстанда жашаган туугандары менен соттолгон жарандарынын видео байланышы уюштурулган.