Сузакта мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Мугалимдин жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылган
Сузакта мугалими тарабынан сабалган окуучу кыздын окуясы боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган мектептин директору комментарий берди.
"Окуя 23-майда болгон. Ошондон бери мугалим иштеп, окуучу сабакка келип жүргөн. Мугалим эмоцияга алдырып ийиптир. Мектеп жетекчилиги ага сөгүш жарыялады. Жалал-Абад ОИИБ тергөө иштерин баштаган соң, окуучу кыз сабакка келбей баштады. Ал эми мугалим бүгүн өзүн жаман сезип, жүрөгү ооруп, Жалал-Абад облустук ооруканасына жатты", - деди мектеп директору.
Кечээ, 25-майда социалдык тармактарга мугалимдин окуучу кызга кол көтөргөндөгү видео тараган. Окуя Сузак районундагы Сафаровка айылындагы мектепте тартылганы маалым болгон. Кийинчерээк мугалим менен окуучунун чыры башталгандагы видео да тарады.