Сузакта мугалим тарабынан сабалган окуучу. Кыздын апасы тосмо арыз жазды
Сузакта мугалим тарабынан сабалган окуучу кызга экспертиза чыккан, кызга жеңил жарат келтирилген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Бирок кыздын апасы официалдуу түрдө тергөөгө кайрылып, мугалимди кечиргенин жана ага карата эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдирип тосмо арыз жазган. "Учурда тергөө жүрүп жатат, жыйынтыгы менен укуктук баа берилет",- деп айтылат маалыматта.