Royal
SerepTV Logo

Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Эки жабырлануучуга операция жасалды

Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Эки жабырлануучуга операция жасалды
Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында кечээ, 2-майда болгон кырсыкта 3 Тез жардам бригадасы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөнүн маалымдашты. Сузак аймактык ооруканасынан окуя катталган жерге 5 Тез жардам бригадасы, 3 травматолог, 2 хирург дарыгерлери тартылган. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтап операцияга алынган, азыркы учурда операциядан кийинки абалы туруктуу. Бүгүн, 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.