Сулайман-Тоо мечити Ташиевдин демилгеси менен баштан-аяк оңдолду
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечити УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен капиталдык оңдоодон өттү. Кечээ, 28-майда ал мечиттин оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышып, жаңылоого демөөрчүлүк кылган депутат Алишер Козуевге, курулуш иштерине салым кошкон жалпы жамаатка ыраазылык билдирди.
Реконструкция иштеринде мечиттин ичи-сыртынын ар бир бөлүгү жаңыланган. Буга чейин жыгачтан жасалган айнек-эшиктери пластикке алмашылып, дубал жасалгалары,эмеректери жогорку сапатка өзгөртүлдү. Мындан сырткары мечиттин астына брусчатка басылып, айрым бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында бак-дарактар отургузулуп, жарыктандыруу дагы жолго коюлду. Ошондой эле канализация, жылуулук маселеси көйгөй жаратпай тургандай болуп чечилген.
Мечит курулган 12 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөй, капиталдык ремонтко муктаж болуп турган. Мындан улам мечиттин жамааты жана шаардын тургундары УКМКнын төрагасына кайрылышкан.
Сулайман-Тоо мечити өлкөнүн түштүк аймагындагы эң чон мечит болуп саналат. Ош шаарында мындан сырткары 130 мечит бар.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="242558,242554,242559,242555,242557,242556,242560"]