"Спортто күчтүүлөр жеңет". Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча мелдеш башталды
Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча мелдеш башталды. Мелдештин ачылышында президент Садыр Жапаров кыргыз жана орус тилдеринде сөз сүйлөп, спорт дүйнөнүн элчиси экенин айтты.
"Былтыр биз Кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилегенбиз. Ошол мааракеде футболчулар турнирди жылына 2 жолу өткөрүүнү суранышкан. Ошондуктан бүгүн жолугуп отурабыз. Спортто дайыма күчтүүлөр жеңет. Ким күчтүү болсо, ошолор жеңсин",- деди президент.