Royal
SerepTV Logo

Сокулукта дайынсыз жоголгон Раатбек аттуу өспүрүм табылды

Сокулукта дайынсыз жоголгон Раатбек аттуу өспүрүм табылды
29-апрелде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 2012-жылы туулган Раатбек Камилов аттуу баланын дайынсыз жоголгонун билдирип, ата-энеси арыз менен кайрылган.
Бул факты Сокулук РИИБине катталып, баланын жүргөн жерин аныктоо боюнча багыттамалар берилип, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Раатбек Камилов "Риом Авто"унаа базарынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.