Abank
SerepTV Logo

Шыбы кулаган мектеп. Жабыркаган мугалим ооруканада дарыланууда

Шыбы кулаган мектеп. Жабыркаган мугалим ооруканада дарыланууда
Кечээ, 17-май күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл өкмөтүндө башталгыч орто мектепте сабак учурунда шып мугалимдин үстүнө түшүп, мугалим окуучулар менен ооруканага жеткирилишкен. Окуучулардын абалы туруктуу деп бааланып, амбулатордук жардам көрсөтүлгөн соң чыгарылды. Ала-Бука аймактык оорукананын хирургу Зайыр Раманкуловдун СЕРЕП МЕДИА агенттигине берген маалыматына ылайык, мугалим учурда ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.