Шашылыш билдирүү! Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү ыктымал
Бүгүн, 30-майда Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"30-майдагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө", - дешти ӨКМден.
ӨКМ алыскы жолго чыгууну көздөгөн айдоочулар зарылчылыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күндөргө пландаштырууну суранды.