Abank
SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү! 14-17-апрель күндөрү өлкөдө кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! 14-17-апрель күндөрү өлкөдө кар көчкү жүрүшү мүмкүн

14-апрелден 17-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

?Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
?Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
?Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 72-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. "Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр! Алыска сапар чыгууда сак болуңуз. Жаныңызга дары-дармек, кургак тамак-аш, суу, жылуу кийим алыңыз. Унааңыздын ичинде дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, медициналык куту болушу зарыл. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта", - дешти.