Abank
SerepTV Logo

Шакиев 15 студентке 20 миң сомдон стипендия тапшырды

Шакиев 15 студентке 20 миң сомдон стипендия тапшырды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы 15 студентине 20 миң сомдон стипендия тапшырды. Ошондой эле эки окутуучуга илимий ишмердүүлүгүн колдоо багытында 100 миң сомдон каржылык көмөк көрсөттү. Жолугушууда студенттер да сөз сүйлөп, тапшырылган стипендия мыкты окууга шыктандырарын жана келечекте мамлекетке керектүү адистерден болуу максаттары бар экенин кошумчалашты.