Abank
SerepTV Logo

"Шаардын кире беришине посттор орнотулуп, техника тартылат". Ош мэриясы шаардыктарга кайрылды

"Шаардын кире беришине посттор орнотулуп, техника тартылат". Ош мэриясы шаардыктарга кайрылды
Ош шаарында 24-26-май күндөрү аскердик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди. "Ош шаарынын аймагында 24-26-май күндөрү күнү-түнү ири аскердик машыгуулар өтөт. Ош шаарынын аймагына кире бериштерде блок-посттор орнотулуп, аскерлер, аскердик техникалар тартылат. Жолдон куралчан аскерлерди, аскердик техникаларды көрсөңүздөр чочулабаңыздар. Бул - аскердик машыгуу",- деп жазды ал.