Abank
SerepTV Logo

Саясатчы Өмүрбек Бабанов туулган күнүндө неберелүү болду

Саясатчы Өмүрбек Бабанов туулган күнүндө неберелүү болду
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов туулган күнүндө неберелүү болду. Ал бүгүн 52 жашка чыкты. Бул тууралуу саясатчынын тарапташы Мурат Соорбеков жазып чыкты. "Кош майрамыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Дал ушул күнү таята статусуна ээ болуп, неберелүү болдуңуз. Туулган күнүңүзгө эң сонун белек болуптур", - деп жазды ал. Саясатчы жубайы Рита Бабанова менен төрт баланы - үч кыз, бир уулду тарбиялап келишет. Мурдагы өкмөт башчынын улуу кызы Айпери 2020-жылдын сентябрь айында турмушка чыккан.  [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="111717,111716"]