Abank
SerepTV Logo

Самсаны аралаган келемиш... Бишкектеги кафелердин бири жабылды

Самсаны аралаган келемиш... Бишкектеги кафелердин бири жабылды
Соцтармакта Бишкектеги кафелердин биринде самсаны аралап жүргөн келемиш тартылган видео тараган. Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жогорудагы видео боюнча маалымат таратты. "Рахат лукум" кафеси тамак-аштын үстүндө келемиш жүргөнү жана санитардык эрежелерди бузганы үчүн жабылды. "Коомдук саламаттыкты сактоо тууралуу" мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калктын тамак-ашы жана азык-түлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу. Мыйзам бузуу тууралуу маалымат тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет", - деп жазылат маалыматта.