Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.
Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.
Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь - Александр Лукашенко, Казакстан - Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан - Садыр Жапаров, Орусия - Владимир Путин, Тажикстан - Эмомали Рахмон, Түркмөнстан - Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан - Шавкат Мирзийоев катышты. Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало чакырылган.
Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет башчылары Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="240825,240819,240818,240817,240821,240826,240820,240822,240827,240828,240823,240824"]